Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 1684 13 Февраль 2025 17:06
WhatsApp Image 2025-02-13 at 12.15.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-13 at 12.15.42.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-13 at 12.15.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-13 at 12.15.42.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЖККУнун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле 2025-жылы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалык мезгилиндеги артыкчылыктарынын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Жолугушуу салтка айланган достук маанайда өттү.