ЖККУ Евразиялык коопсуздуктун негизги түзүмү. Кыргызстан уюмду чыңдоого умтулат

Аналитика Загрузка... 20 Май 2025 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кечээ, 19-майда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.

Жыйынга чейин Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын парламенттеринин төрагаларын президент Садыр Жапаров кабыл алды. Мамлекет башчысы азыркы дүйнө терроризм, экстремизм, кибер коркунучтар жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгилеп, аларга туруштук берүүгө биздин өлкөлөрдүн бардыгы бирдиктүү күч-аракеттерин жумшаш керектигин белгиледи.

Тынчтыкты сактоо олуттуу аракеттерди талап кылат жана анын актуалдуулугу глобалдык баш аламандыктын мезгилинде бир топ эсе жогорулайт. Ошондуктан тыгыз иштешип, союздаштарга өзгөрүп жаткан шарттарга жооп берүү үчүн эффективдүү жана ыкчам механизмдер керек. Ар кандай чакырыктарга коллективдүү жооп болушу зарыл.

“Парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында саясий диалогду чыңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди активдүү өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары уюмду чыңдоого, аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоодо анын беделин жогорулатууга, ошондой эле мүчө мамлекеттердин эгемендүү кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн өнүгүү моделине болгон укуктарын урматтап, колдоого алаарын белгиледи Садыр Жапаров.

"Быйыл ЖККУга Кыргызстан төрагалык кылууда. Ага ылайык, бул мезгил аралыгында чөлкөмдөгү тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара байланышты бекемдөө багытында бир топ иш-чаралар мерчемделген. Айрыкча Кыргызстан ЖККУну жамааттык коопсуздукту камсыз кылуунун башкы институту катары карап, уюмдун бардык мүчөлөрү менен тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз",– деди төрага Нурланбек Тургунбек уулу жыйында сүйлөгөн сөзүндө.

Ошондой эле, парламенттин чечимдери дүйнөдөгү чакырыктар жана коркунучтар күчөгөн азыркы учурда мамлекеттердин туруктуулугуна жана бүтүндөй аймактын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

“Мүчө мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы тыгыз кызматташтык, мыйзамдарды бирдиктүү стандарттарга келтирүүдө өзгөчө мааниге ээ. Тагыраагы, терроризмге каршы күрөшүү, санариптик коопсуздукту камсыздоо, биокоопсуздук жана чек аралык кылмыштуулукту азайтуу жаатындагы моделдик мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуубуз зарыл. Мындан тышкары, башка эл аралык түзүмдөр менен да парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек. Бул жалпы коопсуздук үчүн бирдиктүү мамилелерди түзүүгө жана глобалдык диалогду илгерилетүүгө өбөлгө түзөт”,- деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин төрагасы өз баяндамасында ЖККУнун ишине жаштарды тартуу зарылчылыгын өзгөчө белгилеген. Анын ичинен Ассамблеянын алкагында жаштар парламенттик платформаларын жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү.

Ал ошондой эле жалпысынан Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылган мезгил аралыгында беш негизги багытта иш алып барарын тизмектеп өттү.

“Тагыраагы, биз тышкы саясатты бекемдөө, аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, парламенттик алакаларды арттыруу жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жаатында жигердүү иш алып барууну көздөйбүз. Андыктан, коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык кесиптештеримди биргелешип иш алып барууга чакырам”, - деди Тургунбек уулу.

Жыйында ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун Коопсуздук кеңешинин акыркы сессиясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Уюмду чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жыл сайын анын алдында турган милдеттерди толук ишке ашырылып жатканын белгилеп, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүнө түздөн-түз чектеш аймактардагы кырдаал тууралуу кеңири токтолду уюмдун Башкы катчысы.

“1. Россия менен АКШнын ортосунда саясий жана дипломатиялык диалог жүрүүдө. Россиянын жана Американын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштардын фактысынын өзү эле дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаалды нормалдаштыруу көз карашынан алганда маанилүү.

  1. Эксперттердин айтымында, Ирандын ишинде жылыштар бар. Бул Оманда АКШ менен Ирандын кыйыр сүйлөшүүлөрүн өткөрүү.
  2. Корей жарым аралындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кээ бир өбөлгөлөр пайда болду. Бул бүткүл Түндүк-Чыгыш Азиядагы стабилдүүлүккө салым кошот.
  3. Ошол эле учурда олуттуу куралдуу кагылышууларга алып келген Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин кескин начарлашы тынчсызданууну пайда кылууда. Биз чыр-чатактын азыркы кырдаалдан чыгуунун тынчтык жолдорун табуу үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш экендигине ишенебиз.
  4. Борбордук Азия чөлкөмүндө чоң алгылыктуу окуялар болуп жатат. 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу абдан маанилүү. Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын сызыгы анын дээрлик миң километрге созулган бүткүл узундугу боюнча макулдашылды.
  5. Кавказда белгилүү позитивдүү жылыштар бар. Булар Армения менен Азербайжандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн аяктагандыгы жана эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык жөнүндөгү мамлекеттер аралык документтин тексти боюнча макулдашуусу тууралуу билдирүүлөрү”,- деди Имангали Тасмаганбетов.

Тез өзгөрүп жаткан эл аралык чөйрөдө өз ара аракеттенүү форматтарын тынымсыз издөө зарылчылыгы келип чыгууда. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

«Биздин парламенттик өлчөмдүн алкагындагы негизги милдетибиз – бул маселени чечүү үчүн уюмубуздун укуктук талаасын калыптандыруу. Албетте, анын алдында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу болот, чечимдер иштелип чыгат, анан биз бул макулдашууларды мыйзамдуу уюштурууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Өткөн мезгил ичинде 97 типтүү мыйзамдар, ченемдик укуктук актылар жана сунуштар кабыл алынган. Маселени консенсустун негизинде чечип жатканыбызды эске алганда бул чоң иш.

Бул жерде биздин чечимдерибиз жөн гана көпчүлүктүн эмес, 100% колдоо менен кабыл алынат”, - деп белгиледи Вячеслав Володин.

Уюмдун Башкы катчысы Евразиядагы аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо ЖККУ, КМШ жана ШКУнун үч тараптуу өз ара аракеттенүү форматын андан ары өнүктүрүү менен ажырагыс байланышта экенин белгиледи. Руху жана саясий артыкчылыктары боюнча бул үч уюм биргелешип коопсуздуктун жаңы жалпы континенттик архитектурасын түзүүдө, интеграциялык долбоорлорду байланыштырып, Евразиядагы өнүгүү борборлорунун ортосундагы мамилелерди шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттери чоң роль ойнойт.

Башкача айтканда, биздин континентте жаңы принциптерге жана жалпы өнүгүү максаттарына негизделген көп деңгээлдүү интеграциялык процесстер мамлекеттердин ортосундагы туруктуулуктун жана өнүгүүнүн чоң мейкиндигин түзүү үчүн негиз бар.