Жээнбек Кулубаев Кувейттин финансы министри менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 21 Февраль 2025 12:02
e9ba0613-7c5b-36f0-8404-c1ce37d4c184 (1).jpeg
d5d30d48-6c7e-3247-9602-e82fa9f8776a (1).jpeg
c3a4e80b-0a94-3885-8f85-149917e4fa09 (1).jpeg
f4cb5ad8-e32d-37bb-8373-4775b02652a4 (1).jpeg
4f42d44a-8644-375e-9bac-7bf36822e3bf (1).jpeg
Алдыга
Артка
e9ba0613-7c5b-36f0-8404-c1ce37d4c184 (1).jpeg
d5d30d48-6c7e-3247-9602-e82fa9f8776a (1).jpeg
c3a4e80b-0a94-3885-8f85-149917e4fa09 (1).jpeg
f4cb5ad8-e32d-37bb-8373-4775b02652a4 (1).jpeg
4f42d44a-8644-375e-9bac-7bf36822e3bf (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейтке болгон расмий сапарынын алкагында Кувейттин финансы министри, экономика жана инвестициялар боюнча мамлекеттик министри Нура Сулейман Салим Аль-Фассам менен жолугушту. 

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, энергетика, туризм, логистика, азык-түлүк коопсуздугу жана кызыкчылык туудурган башка тармактарда өз ара кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берип, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Нура Сулейман Салим Аль-Фассамды 2025-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтө турган «Борбордук Азия – Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» форматындагы инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Өз тарабынан Нура Сулейман Аль-Фассам чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Кувейттин эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн өсүшүнө жана Кыргызстанга кувейттик инвестицияларды тартуу менен экономикалык дипломатиянын алкагында өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатууга жана кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.

Мындан тышкары тараптар артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү Жол картасын иштеп чыгууну келишти.