Жазгы талаа иштери: Быйыл фермерлерге кандай жеңилдиктер берилет?

Коом Загрузка... 11 Март 2026 11:15
WhatsApp_Image_2026_HuIBQ89.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Ыңгайлуу аба ырайына байланыштуу быйыл өнөктүк 2025-жылга салыштырмалуу эки жума эрте башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идирисов билдирди.

2034e644-152e-4462-ab48-98952f45900a.width-800

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жазгы талаа иштеринин жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 830 миң гектары сугат жерлер, ал эми 420 миң гектары кайрак жерлер.

2026-жылдын 9-февралына карата себүү иштери дээрлик 30 миң гектар аянтта жүргүзүлдү.

Анын ичинен 11 миң гектарга буудай себилди:

  • Ош облусунда — 5,5 миң гектар;
  • Жалал-Абад облусунда — 2,5 миң гектар;
  • Чүй облусунда — 1,7 миң гектар;
  • Баткен облусунда — 1,5 миң гектар.
NazarNews_1134.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Арпа себилген аянт 18 900 гектарды түздү:

  • Чүй облусу — 6600 гектар;
  • Ош облусу — 6300 гектар;
  • Жалал-Абад облусу — 3200 гектар;
  • Баткен облусу — 3000 гектар.

Картошка отургузуу 2500 гектарды камтыды:

  • Ош облусу — 1700 гектар;
  • Жалал-Абад облусу — 600 гектар;
  • Баткен облусу — 80 гектар.

Ош облусунун Араван районунда кошумча 5 гектарга жашылча өсүмдүктөрү отургузулду. Түндүк аймактарда себүү иштери жакынкы убакта башталат.

Идирисов белгилегендей, өлкөнүн минералдык жер семирткичке болгон жылдык муктаждыгы 182 миң тоннаны түзөт. Учурда 33 миң тоннадай жер семирткич алынып келинип, 40тан ашык атайын сатуу пункттары уюштурулган.

Айыл чарба техникасынын даярдыгы 85% деп бааланууда. Жазгы талаа иштерине тартылган 22 359 трактордун ичинен 18 912си толук иштөөгө даяр.

Дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыз болуу 87%ды түзөт. Мамлекет фермерлерге колдоо көрсөтүп, 86 ата мекендик үрөн чарбасы аркылуу үрөн сатып алууга 30% дотация берет. Башка айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча камсыздоо 90–100% деңгээлде. Мындан тышкары, 24 питомникте 15 млн жемиш көчөтү даярдалган.

Күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси да көзөмөлдө. Сезонго жалпы муктаждык 42 миң тонна дизелди түзөт. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу фермерлер ар бир райондо дизелдин литрин 74 сомдон сатып ала алышат.

b512a713-be26-4a56-a536-dc9943667d46.width-800

Буга удаа эле каналдарды даярдоо иштери жүрүүдө. Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Болотбек Таштанов билдиргендей, эрте жазгы сугаруу 330 миң гектарды камтыды. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү суу сактагычтардагы корлордун ордуна дарыялардын агын суусун колдонуу болуп саналат.

2026-жылы жалпы 6,303 млрд м³ сугат суусу берилет деп пландалууда (2025-жылы — 5,767 млрд м³). Аймактар боюнча лимиттер төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Чүй облусу — 1 550 млн м³;
  • Ош облусу — 1 055 млн м³;
  • Жалал-Абад облусу — 1 038 млн м³;
  • Талас облусу — 820 млн м³;
  • Баткен облусу — 663 млн м³;
  • Нарын облусу — 612 млн м³;
  • Ысык-Көл облусу — 565 млн м³.

Жылуу кыштан улам суу тартыштыгы болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Ошондуктан министрлик дыйкандарды сууну үнөмдөөчү технологияларды активдүү колдонууга чакырууда. Үзгүлтүксүз сугарууну камсыз кылуу үчүн каналдарды, скважиналарды жана суу бөлүштүрүүчү курулмаларды оңдоо иштери уланууда.

Акыркы күндөрдөгү аба ырайынын начарлашына байланыштуу кыска мөөнөткө тыныгуу болгону менен, эмки жумада жазгы талаа иштери өлкө боюнча толук кандуу улантылары айтылды.