Ысык-Көлдө 1 184 гектар кунарсыз жайыт жакшыртылат

Коом
WhatsApp Image 2026-10-19 at 13.08.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 13.08.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 13.08.18с.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 13.08.18я.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 13.08.19.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 1 184 гектар кунарсыз жайытты жакшыртуу үчүн чөптүн үрөнүн себүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул максатта жалпы 22 миң 74 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөнү бөлүнүп, тиешелүү райондорго жана Балыкчы шаарына жеткирилди. Анын ичинде эспарцет, шалбаа бетегеси, кылкандуу түбү бош жана жайыт чөбүнүн үрөндөрү бар.

Учурда үрөн себүү механизациялаштырылган ыкма менен жүргүзүлүүдө. Иштер жайыттардын өсүмдүк катмарын калыбына келтирүүгө, түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын чыңдоого багытталган.