Акыркы жылдары кыргыз киносу жаңы баскычка көтөрүлүп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусу кыйла артты. Өлкөдө тасмалар дээрлик күн алыс тартылып, тармактын өнүгүп жатканын айгинелөөдө. Бирок бул өсүш менен катар сапат маселеси жана коммерция менен мазмундун ортосундагы тең салмактуулук сакталуудабы деген суроо актуалдуу бойдон калууда.
Кинематография департаментинин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 72 тасма жарыкка чыккан. Ал эми быйылкы жылдын январь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 19 фильм тартылды.

Ата мекендик кинематография өндүрүшү тез өнүгүп, дүйнөдөгү акыркы рейтингге ылайык, Кыргызстан жан башына жараша эсептегенде тасма өндүрүү боюнча алдыңкы бештикке кирген. Ошондой эле кыргыз тасмаларынын басымдуу бөлүгү дүйнөлүк конкурс, фестивалдардан байгелүү орундарды багындырууда. Андан сырткары, чет өлкөлөргө экспортко чыгып жаткан фильмдердин да саны көбөйүүдө.
Мындай көрсөткүчтөр тармактын динамикалуу өнүгүп жатканын тастыктаганы менен, тартылып жаткан тасмалардын сапаты жана мазмуну бул өсүшкө канчалык деңгээлде шайкеш келүүдө деген суроо жаралат.
Күн мурун жакында эле жарык көргөн “Өч-2” тасмасы кинотеатрлардагы көрсөтүүдөн алынды. Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти бул чечимди тасмада зомбулук жана ырайымсыз көрүнүштөрдүн көптүгү, ошондой эле коомдук-адептик нормаларга каршы келген эпизоддор басымдуулук кылганы менен түшүндүрдү.

Департаменттин директору Талантбек Төлөбековдун айтымында, тасманын алынышына коомчулуктан түшкөн нааразычылыктар себеп болгон.
“Советтер союзунда кинолорду көзөмөлдөн өткөрүп анан кинотеатрларга чыгарууга уруксат берген “Фильмофонд” деген мекеме иштеп келген. Азыр бул милдетти биздин департаментке караштуу “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемеси аткарып келет. Кино жаратуучулар алгач борборго арыз менен кайрылышып, тасмаларын көзөмөлдөн өткөргөндөн кийин гана жүгүртүүгө чыгара алышат. Ал уруксат кагазы жок эч бир кинотеатрга бере алышпайт. Буга карата токтомдор дагы бар”,-деди ал.
Төлөбековдун айтымында, көзөмөлдөөчү мекеме өз милдетин талаптагыдай аткарбай, тасманы жетиштүү талдабай туруп көрсөтүүгө уруксат берип жиберген.
“Жылына 100гө жакын тасма чыгып жатат деп биз кубанып жатабыз. Бирок, тилекке каршы аталган мекемеде иштер жакшы жүргүзүлбөй жаткандыктан, жогорудагый тасма көрсөтүүгө чыгып кеткен.

Буга байланыштуу бизге министрликтен бул ишти оптимизациялап, жаңыча форматта алып баруу жөнүндө тапшырма түштү. Ага ылайык, мекеменин 13 кызматкеринен сырткары, эксперттик комиссия дагы тасмаларды көзөмөлдөп анан уруксат бере тургандай болуп түзүлөт.
Мындан улам коомчулуктун психологиясына басым болбосун деген таризде жергиликтүү дагы, чет элдик дагы тасмалар тыкыр көзөмөлдөнүп баштайт”,-деп белгиледи ал.
Бир кезде жергиликтүү кино жаратуучулар комедия жанрына басым жасашса, акыркы кездерде экзорцизм, мистика, триллер, психологиялык драма сыяктуу жанрларга басым жасалууда.
“Кыргызфильм” киностудиясынын директору, режиссер Максат Жумаев акыркы кездерде тартылып жаткан мындай тасмаларды эксперименталдык деп эсептейт.

“Менин оюмча, айрым жанрларды адегенде Голливуд же башка өлкөлөрдө тартып чыгышкандан кийин, биздин режиссёрлор аларды ремейк катары кайра иштеп жатышат. Ошол эле учурда сюжеттерди жергиликтүү менталитетке ылайыкташтырып, улуттук өзгөчөлүктөр менен айкалыштырып тартууга аракет кылышууда.
Кайсы бир жанрда тасма тартылса анын артынан ээрчип кетишүүдө. Мисалы, бир хоррор тасма тартылып, ал өзүн жакшы актаган болсо, бул жанрды тартса каражат жакшы түшөт экен деп кайталап тартышууда”,-деди директор.
Жумаев белгилегендей, кинотасмаларга тыкыр көзөмөл керек.
“Кинотеатрлар 18+, 16+ деген фильмдерге балдарды киргизип жиберип жатышат. Бул чектөөнү сактоо керек деп эсептейм. Ошону менен бирге эле көрүүчүлөр тасмаларды өзүнүн табитине жараша тандап көрүшүүдө. Ал алардын жеке тандоосу болуп саналат.

Негизи кино жалпыны кыйратуучу курал (оружие массового поражения ) деп айтылат. Ал көрүүчүгө кандайдыр бир сабак бериши керек. Максаты – адам экрандан өзүн көрүшү керек. Тасманын идеологияны өзгөртүп жиберүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.
Учурда бир көргөнгө ылайыкталган, айрым жеңил-желпи тасмалар тартылууда. Мындан биз арылып, арканды алыс таштаганды үйрөнгөнүбүз оң. Тасмалардын сапаты начар боло берсе, көрүүчү иренжип “баягы эле да” дегенсип кинотеатрга барбай калат. Мындай көрүнүш Өзбекстан өлкөсүндө болуп өттү. Андыктан, тасмалардын санынан сапатына өтүшүбүз зарыл”,-деп белгиледи ал.