Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады.
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жаткан объектилерди өзгөчө көзөмөлгө алуу, тапшыруу мөөнөттөрүнүн кечигүү тобокелдиктерин аныктоо, ошондой эле мектептердин эмерек, окуу жабдуулары жана башка зарыл инфраструктура менен толук камсыздалганын текшерүү тапшырмасын берди.
Министрлер кабинетинин башчысы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага окуу жылынын башында курулуш, оңдоо же жабдуу маселелеринен улам окуу процессине эч кандай тоскоолдук жаралбашы керектиги тууралуу тапшырма берди.