Жаңы гимн. Ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү

Коом 07 Февраль 2025 12:28
IMG_1784.jpeg
IMG_1787.jpeg
IMG_1788.jpeg
IMG_1786.jpeg
IMG_1785.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1784.jpeg
IMG_1787.jpeg
IMG_1788.jpeg
IMG_1786.jpeg
IMG_1785.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов комиссияга жетекчилик кылууда.

Комиссиянын курамына композитор, акын, жазуучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Комиссиянын биринчи отурумунда өткөрүлө турган сынактын жол-жобосу, сынакты уюштуруунун тартиби жана иш планы бекитилди.

Ошондой эле комиссия мүчөлөрүнүн добушу менен ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгына акын, журналист Элмира Ажыканова дайындалды.