Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинин 35-отуруму башталды.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Азербайжан жана Түркмөнстандын маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.
Алардын катарында “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, “Казинформ” маалымат агенттигинин башкаруучу директору Нагашыбек Алдан, ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, анын орун басары Марат Абулхатин, ТАССтын КМШ өлкөлөрү боюнча секторунун жетекчиси Борис Грушин, АЗЕРТАЖдын глобалдык коммуникациялар департаментинин жетекчиси Элшан Шахбалаев, БелТА агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Василий Матвеев, Түркмөнстан эл аралык басма сөз жана маалымат департаментинин башчысы Гулялек Мухамметбердыева жана КМШнын Аткаруу комитетинин маалымат жана маалыматташтыруу бөлүмүнүн башчысы Игорь Григорьев бар.
Күн тартибинде КМШ мамлекеттеринде туристтик потенциалды өнүктүрүүдө мамлекеттик агенттиктердин ролу жана ишмердүүлүгү, Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык, Шериктештиктин 35 жылдыгына арналган Аткаруу комитетинин иш-чаралары, ошондой эле Кеңештин АНИА сайтынын ишмердүүлүгү талкууланат.
Белгилей кетсек, КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши — КМШ алкагында маалымат чөйрөсүндөгү кызматташтыкты координациялоочу, тажрыйба алмашуучу жана биргелешкен маалыматтык долбоорлорду жүзөгө ашыруучу тармактык орган болуп саналат.