Жашыл мейкиндиктер талкууланат: Мэрия шаардыктарды жыйынга чакырды

Коом 5 октябрь 2026 15:40
Жашыл мейкиндиктер талкууланат: Мэрия шаардыктарды жыйынга чакырды

Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бишкекте 8-октябрда шаар мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бульварды реконструкциялоонун жыйынтыктары менен таанышып, аймакты кыдырып чыгышат. Ошондой эле мэр жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен борбор калаадагы актуалдуу экологиялык маселелерди жана жашыл коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары, эколог активисттер, волонтерлор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер чакырылат.

Катышуучуларды чогултуу саат 15:30да Чүй проспектиси менен И. Айдарбеков көчөсүнүн кесилишиндеги фонтандын жанында болот.

Катышуу үчүн 8-октябрга чейин алдын ала төмөнкү телефон номери аркылуу катталуу зарыл: +996 550 900 358.

Мэрия бардык кызыкдар жарандарды ачык диалогго катышып, өз сунуштарын жана демилгелерин бөлүшүүгө чакырат.