«Жаштар климаттык кербени 2025» жыйынтыкталды

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 02 Июль 2025 09:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Бишкекте «Жаштар климаттык кербени 2025» аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү өттү. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, жаштар бирикмелеринин жана жарандык сектордун өкүлдөрү чогулду.

Иш- чаранын негизги максаты— жаштардын жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу жана алардын өлкөнүн климаттык күн тартибин түзүүгө кошкон салымын көрсөтүү болду.

Кербен Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган. Сапарлар учурунда жаш активисттер климаттык маалымдуулукту жогорулатып, жергиликтүү жаштардан сунуш топтоп, жаңыланган улуттук аныкталган салымдарга (УДАС 3.0) сунуштарды даярдоого катышты. Бул иш-чара LCOY Kyrgyzstan 2025 конференциясы менен биргеликте өткөрүлүп, эл аралык демилгенин бир бөлүгү болду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов жаштардын кошкон салымын баса белгилеп, биздин жаштар абдан активдүү экенин айтты.

"Кербендин катышуучулары Нарындын тоолуу аймактарынан баштап Ысык-Көлдүн жээгине чейин, Баткенден баш калаага чейин саякатташты. Алар өз көздөрү менен табиятты кантип сактап жатканыбызды, кайсы жерде кандай тоо-кен ишканалары иштеп жатканын жана алардын экологияга тийгизген таасирин көрүштү. Жаштар көйгөйлөрдү гана белгилеп койбостон, конструктивдүү сунуштарды да киргизишти — өзгөчө таштандыларды башкаруу жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу боюнча. Бүгүнкү жыйынтыктоочу конференцияда биз бул иштердин жыйынтыгын чыгарып жатабыз жана албетте, жаштардын бардык сунуштары сөзсүз эске алынат»,-деди ал.

Бермет Жумабекова