Жаш мугалимдерди нөлдүк пайызда турак жай менен камсыз кылуу зарылдыгы айтылды

Министрлер кабинети 27 Сентябрь 2025 13:13
WhatsApp Image 2025-09-27 at 09.10.47.jpeg
68d6ae198a226.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-27 at 09.10.47.jpeg
68d6ae198a226.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.09.25. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу зарылдыгы айтылды.

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул максатта программа иштеп чыгууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга тапшырды.

Ал эми Курулуш министрлигине Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, билим берүү имараттарын куруу боюнча башкы планды кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

"Аларды учурдагы жарандык курулуш стандарттарына жараша заманбап инклюзивдик талаптарына ылайык кайра түзсүн”, - деди Адылбек Касымалиев.