Жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү

Министрлер кабинети 09 Сентябрь 2025 09:00
68bec48fdf81d-thumb.jpg
68bec48fdf787-thumb.jpg
68bec4905e41e-thumb.jpg
68bec4905e71e-thumb.jpg
68bec4907a57d-thumb.jpg
68bec49026d2f-thumb.jpg
68bec490265a6-thumb.jpg
68bec49041056-thumb.jpg
68bec49041175-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68bec48fdf81d-thumb.jpg
68bec48fdf787-thumb.jpg
68bec4905e41e-thumb.jpg
68bec4905e71e-thumb.jpg
68bec4907a57d-thumb.jpg
68bec49026d2f-thumb.jpg
68bec490265a6-thumb.jpg
68bec49041056-thumb.jpg
68bec49041175-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Президентинин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү.

Талкуунун борборунда Кыргыз Республикасында жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясынын долбоору – эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана улуттук экономика үчүн заманбап инфраструктураны түзүү боюнча милдеттерди аныктоочу стратегиялык документ болду. Эдил Байсалов негизги багыт жасалма интеллектти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан бери жакшыртуу үчүн пайдалануу болушу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, алдыңкы технологияларды киргизүү мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо менен гана чектелбестен, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга түрткү болот.

Жыйындын жүрүшүндө БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасында адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча 2025-жылга карата баяндамасы да угулду. Документте билим берүүнү санариптештирүү жана Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

Жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктүн өсүшүнүн, экономикалык диверсификациянын жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн негизги куралы боло алары белгиленди. Ошондой эле анын илимий изилдөөлөрдү жана технологиялык инновацияларды тездетүүдөгү потенциалы баса белгиленип, бул адамдын чыгармачылык потенциалын ачуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жыйынга катышуучулар жасалма интеллектти ар кандай тармактарда колдонуунун келечегин талкуулап, калк жана бизнес үчүн кызматтарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерин белгилешти. Жасалма интеллект технологияларын этап-этабы менен киргизүүнүн конкреттүү кадамдары аныкталды. Кеңештин мүчөлөрү тез өзгөрүп жаткан глобалдык чакырыктардын жана технологиялык динамиканын шартында кабыл алынган чечимдерди ийкемдүүлүк менен ыңгайлаштыруу зарылдыгын баса белгилешти.