Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө бардык окуу пландары бекитилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарды өтүнмөлөрү кийинки жумадан баштап кабыл алына баштайт.
“Быйылкы жылдан тартып автомектептердин бардыгы мамлекеттин карамагында болот. Бүгүнкү күндө бардык окуу пландары бекитилди. Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү стандарттары да бекитилди. Өтүнмөлөр кийинки жумадан баштап кабыл алынып баштайт. Айдоочулук күбөлүк алабыз дегендер “Түндүк” тиркемеси аркылуу өтүнмө ташташат. Андан соң автоматтык түрдө сизге билдирме келет. Анда кайсы күндөн баштап автомектепте окуп баштай тургандыгы жазылат. Эми жарандар айдоочулук күбөлүктү алганга чейинки окуудан өтүп, экзаменге келесиздер”, - деди ал.
Ошондой эле Каныбек Туманбаев белгилегендей, экзамендер жасалма интеллект менен кабыл алынып баштайт.
“Мурда 750гө жакын суроолор бар эле, азыр 2 миңге жакын суроолор болду. Окуп-үйрөнгөндөн кийин жарандарга жеңил эле болот”, - дейт Туманбаев.