Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. 11-сентябрдан 18-сенябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 411 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 5 184;
- мас абалында унаа башкаруу – 404;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 298;
- авто ээнбаштык – 46;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 856;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 630;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 993 унаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.