Жаратылыш ресурстары министринин эки орун басары кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор
Жаратылыш ресурстары министринин эки орун басары кызматынан бошотулду

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Касейинов Кубат Усенкулович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан, Аманкулов Мирслав Акалович министрдин орун басары кызматынан бошотулду. 

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.