Жарандык жоопкерчилик: Кантта жаш келин той күнү добуш берүүгө келди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 17:45

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Кант шаарында жаш келин үйлөнүү тою күнү шайлоо тилкесине келип, жарандык милдетин аткарды.

Кант мэриясынын маалыматына ылайык, кыз жеке турмушундагы маанилүү окуяга карабастан, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга өзгөчө маани берген.

Кылымай Нурбекованын аракетин коомчулук жогору баалап, атуулдук жоопкерчиликтин мыкты үлгүсү катары таанышты.

Уюштуруучулар келиндин демилгеси шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдегенин белгилешти.

Добуш берүү ар бир жарандын өлкөнүн келечегине кошкон түз салымы.

Кылымай Нурбековага жоопкерчилиги жана мыкты үлгү көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирилип, жаңы баш кошкон жубайларга бакыт, ынтымак жана бекем үй-бүлөлүк турмуш каалашты.