Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 11 август 2025 12:45
Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «КР Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу болуп саналат.

Алсак, мыйзам менен КР Жарандык процесстик кодексин “Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу” деген 362-глава менен толукталган. Главада аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун тартибин, иштердин сотко караштуулугун, даттануунун формасын жана мазмунун, даттанууну кабыл алууну, даттанууну кайтарып берүүнү, даттанууну кароосуз калтырууну, даттанууну кароо тартибин жана соттун ыйгарым укуктарын камтыган ченемдер каралган.