Жарандык паспортту онлайн алмаштырса болот: "Түндүккө" жаңы кызмат кошулду

Санарип Кыргызстан Загрузка... 20 Февраль 2026 10:50
Pasport_obrazt.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Мындан ары 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырууга болот. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирет.

Кызмат кадимки тартипте көрсөтүлүп, даярдоо мөөнөтү 18 жумуш күнүн түзөт.

Алмаштыруу себептери:

  • колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
  • жеке маалыматтар өзгөргөн учурда;
  • документ жараксыз абалга келгенде;
  • паспорт жоголгон учурда.

Арыз тапшыруу учурунда жарандар фамилиясын, атын жана атасынын атын латын арибинде транслитерациялоону өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Атасынын аты (эгер бар болсо) жарандын каалоосу боюнча көрсөтүлөт. Арыз берүүдө атасынын аты менен же атасынын атын көрсөтпөстөн жазууну жаран өзү тандайт. Ошол эле учурда ID-картада атасынын аты (эгер бар болсо) милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Кызмат санарип мүмкүнчүлүктөрдү камтып, ID-карта же жарандык паспорт алмаштырууга арыз берүүдө төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар:

  • сүрөттү мобилдик телефондон жүктөө;
  • сүрөттү тиркеменин ичинде түз тартуу;
  • Калкты тейлөө борборунда тартылган сүрөттү уникалдуу штрих-код аркылуу жүктөө (КТБда сүрөткө тартуу акысыз).

Сүрөт ИКАО стандарттарына ылайык келип, ак фондо 35×45 мм өлчөмүндө, нейтралдуу жүз менен, 6 айдан ашпаган болушу шарт.

Сүрөткө түшкөндө көз айнек көздү жаппашы керек. Көрүүсү начарлар кара түстөгү көз айнек кийсе болот. Кийимдин күнүмдүк же жумуш стилинде болушу сунушталат.

Иштеп жаткан электрондук булуттуу кол тамга болушу зарыл. Анын бар-жогун “Түндүктөгү” жеке кабинеттен текшерүүгө болот.

Арыз толтурууга байланыштуу суроолор менен 119 колл-борборуна кайрылууга болот (чалуу акысыз).