Жапаров КМШ лидерлерин "Бишкек+25" тоо саммитине чакырды

Президент 9 октябрь 2026 15:30
Жапаров КМШ лидерлерин "Бишкек+25" тоо саммитине чакырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстанда тар жана кеңейтилген курамдарда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин да белгилеп, КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.