Жан дүйнөнүн азыгы: “Ала-Тоо” адабий журналы жарык көрдү

Президент 702 21 Май 2026 20:10
36b4fd45-586b-4058-ab3e-d14c13ba08f5.jpeg
704696868_3380287062146199_3195069551151816017_n.jpg
704636963_3380287012146204_5051332306571941838_n.jpg
704592422_3380286992146206_2985949362117813270_n.jpg
705246965_3380286932146212_3970206187015880717_n.jpg
Алдыга
Артка
36b4fd45-586b-4058-ab3e-d14c13ba08f5.jpeg
704696868_3380287062146199_3195069551151816017_n.jpg
704636963_3380287012146204_5051332306571941838_n.jpg
704592422_3380286992146206_2985949362117813270_n.jpg
705246965_3380286932146212_3970206187015880717_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына “Ала-Тоо” адабий журналы жарык көргөндүгүн жазды.

"Урматтуу мекендештер!

Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган “Ала-Тоо” журналы кайрадан жанданып, басылып чыгып, анын биринчи саны колума тийди.

Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз.

Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези.

Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, кругозорун арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн.

Ошону менен бирге, таланттуу жаштарыбыздын чыгармаларын ай сайын жарыялоо менен аларды коомчулукка кеңири таанытарына бекем ишенем.

Эми "Ала-Тоо" журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат.

Учурдан пайдаланып бул журналга жазылууга чакырып кетмекчимин.

Айына бир жолу чыгат.

“Кыргыз туусу” басма үйүнөн алсаңыздар болот.

“Ала-Тоо” адабий журналынын сапары байсалдуу болсун!"- деп белгиледи мамлекет башчысы.