Айыл чарба илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев «Кабар» агенттигине берген маегинде айыл чарбасын глобалдык климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу жолдору тууралуу пикири менен бөлүштү. Окумуштуу кургакчылыктын кесепеттерин кантип азайтуу жана эгин талааларын сугаруу тутумун кантип жакшыртуу керектигине токтолду. Академик мамлекеттик деңгээлде координацияланган иш-аракеттердин зарылдыгын, ошондой эле узакка созулган кургакчылык шарттарында кыйынчылыктарды жеңүү боюнча колдо бар тажрыйбаларды белгиледи.
— Климатологдор быйылкы жыл Борбор Азияда жаан-чачын жана суунун көлөмү боюнча мурунку жылдардан жакшы болбой турганын эскертишүүдө. Бул биздин айыл чарбага жана анын өндүрүмдүүлүгүнө кандай таасир этиши мүмкүн?
— Аба ырайы кандай болбосун, биз сууну үнөмдөөнү үйрөнүшүбүз керек. Түз эле жерден казылган сугат каналдарында эң баалуу ресурстун 50 пайызын жоготуп жатабыз. Нымдуулуктун жарымы талаага жетпейт, бул — кыйраткыч көрсөткүч. Ошондуктан, азыр сугаруу тутумдарын бетондоого, арыктарды тазалоого жана чакан суу сактагычтарды, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди курууга акча аябашыбыз керек.
Бир литр суу да текке кетпеши үчүн болгон күчүбүздү жумшообуз зарыл.
Мындан тышкары, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу сыяктуу заманбап ыкмаларга өтүүгө убакыт жетти. Бизде үнөмдөөчү технологиялар менен сугарылган аянт болгону 1 пайызды түзөт. Калган жерлерди баягы эле ата-бабаларыбыз колдонгон ыкма менен — эч кандай көзөмөлсүз, иретсиз сугарып жатабыз. Мына ушуга көңүл буруу зарыл.

— Мөңгүлөрдүн аянты кыскарууда, демек, суу көбөйбөйт. Климат айыл чарбасы үчүн жаңы шарттарды жаратып жатабы?
— Албетте, биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин кантип токтотууну ойлонушубуз зарыл. Президентибиз БУУга кайрылды, анткени түбөлүк мөңгүлөрдү сактоо — бул жалпы адамзаттык милдет. Бул процесске эл аралык инвестицияларды тартуу керек.
Ошондой эле, тоолорубуздагы токойлордун аянтын көбөйтүү абдан маанилүү. Мурда токойлор жалпы аймактын 5 пайызын ээлесе, азыр болгону 3 пайызды түзөт. Жаңы бак-дарактарды отургузуу менен бирге жайыттардын абалын да жакшыртуу зарыл. Учурда иретсиз колдонуудан улам жайыттардын 30 пайызы деградацияга учурады. Малдын санын жөнгө салып, жайыттарды кезектештирип пайдаланууну колго алуу кажет.
— Окумуштуу катары жазгы талаа иштери боюнча кандай сунуштарыңыз бар?
— Быйыл сууну аз ичкен, бирок көбүрөөк түшүм берген өсүмдүктөрдү тандоо зарыл. Буларга эрте себилүүчү дан өсүмдүктөрү кирет. Менимче, буудай жана арпа себилген аянттарды көбөйтүү керек. Биз нанга болгон муктаждыгыбыздын 50 пайызын гана камсыз кылып, калганын сырттан алып келебиз.
Акыркы убакта Россия жана Казакстандан үрөн сатып алуу көбөйдү. Бирок Россиянын сорттору биздин кургакчылыкка чыдамсыз келет, ал эми Казакстандын сортторунун түшүмдүүлүгү төмөн. Ошондуктан, Кыргызстандын шартында жаратылган ата мекендик сортторду колдонуу зарыл. Биздин окумуштуулар иштеп чыккан күздүк буудайдын "Асыл", "Тилек", "Кыял", ал эми жаздык буудайдын "Аракет", "Касиет", "Даңк" сыяктуу сорттору бар. Ошондой эле, такыр сугарылбаган кайрак жерлер үчүн "Адыр", "Кайрак", "Эхол" сорттору гектарынан 10-15 центнерден түшүм бере алат.
Айыл чарба министрлиги башка өлкөлөрдүн үрөндөрүнө эле суктана бербей, өзүбүздүн шартка ыңгайлашкан сорттордун үрөнчүлүгүн тезинен уюштурушу керек. Негизги көңүлдү жайкы вегетациялык мезгил үчүн суу топтоого буруп, суу чарба объекттерин жаңылоого маани беришибиз зарыл.