Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Өлкөнүн балык чарба тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбековдун жетекчилик кылып, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Балык чарбаларынын ассоциациясы, балык өстүрүүчү ишканалардын жетекчилери жана ата мекендик тоют өндүрүүчүлөр катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланып, балык чарбаларын сапаттуу тоют менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ата мекендик өндүрүштү колдоо, балык продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоо көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторду издөө маселелери талкууланды.
Ошондой эле ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты жеңилдетүү маселеси каралды.
Жыйындын жыйынтыгында Акунбеков көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо жана продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу — кыргыз балыгынын дүйнөлүк рыноктогу туруктуу ордун сактап калуунун негизги шарты экенин өзгөчө белгиледи.