Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамды кабыл алуу мезгилдин талабы. Мындай пикирин медиаэксперт Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын акыркы варианты 1993-жылы кабыл алынып, ушул жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин иштеди. Андан бери 30 жылдан ашык убакыт өтүп, коом, шарттар жана ага байланыштуу маалымат каражаттарынын иши да өзгөрдү.
“Бул мыйзамдын кабыл алынышын Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын азыркы учурда коомчулукта ээлеген орду менен байланыштыруу керек. Мыйзамда каралган негизги өзгөртүүлөргө токтолсок, ар бир маалымат каражаты ыктыярдуу каттоого алынышы керек деп жазылган. Ыктыярдуу деген бир жагынан демократиянын, учурдун талабына ылайык талап бирок, социалдык тармактын ишине түздөн-түз тиешеси бар норма. Мисалы, блогерлер болобу же бир маалымат каражатынын ичинен бөлүнүп өзүнчө подкаст менен чыккандардын бардыгы каттоодон өтсө болот. Зарылдык болгон учурда каттоого алына тургандай норма киргизилген деп түшүндүм. Ыктыярдуу түрдө катталуу чоң маалымат каражаттарына гана тиешелүү. Анткени, кээ бир көз карандысыз журналисттердин өз алдынча социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын байкоого болот. Мында айрым жеке социалдык каналдардын, баракчалардын окурмандары чоң теле жана радио компанияларга караганда көп болууда”,- дейт Таабалдиев.
Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөндөй, маалымат булагын купуя сактоодо маалымат булагы сөзсүз түрдө айтылышы керек эмес экендигин медиа эксперт баса белгиледи.
“Эгер маалымат берген тарап булакты айтууга каршы болбосо айта берүү керек. Жок менин атымды айтпай эле кой десе, анда сөзсүз түрдө ал тууралуу маалымат айтылбашы зарыл. Бир гана чектөөсү эгер маалыматка байланыштуу сот иши башталса, маалымат булагынын атын атоо зарыл. Мурда деле ошондой болгон бирок, азыр мыйзамга өзүнчө пункт болуп киргизилген экен”,- деди ал.
Белгилей кетсек, жаңы мыйзамда Кыргызстанда массалык маалымат каражатын түзүүдө чет өлкөлүк катышуу 35 пайыздан жогору ээлик кылууга, колдонууга тыюу салынары көрсөтүлгөн.
Ал эми Кубанычбек Таабалдиев маалымдагандай, быйылкы жылдын башталышына чейин чет жактан каржыланган маалымат каражаттары Кыргызстандын мыйзамынын негизинде иштебестен, каржылоо жүргүзгөн мамлекеттин мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүп келген жана азыр да иштеп жатышат.
“Чет өлкөлүк каржылоо менен иштеп келген ЖМКлар Кыргызстандын мыйзамынан сырткары ошо өлкөнүн да талаптарына жана мыйзамына жараша иш алып барышчу. Кээ бир маанилүү учурларда ошол өлкөнүн же каржы булагынын талаптары менен шарттары үстөмдүк кылып кетчү. Азыр андай болууга жол берилбеши керек. Кыргызстанда иштеп жаткандыктан, ар-бир ЖМК жана социалдык тармак Кыргызстандын жана улуттун кызыкчылыгына каршы болгон маалыматка жол бербеши керек. Бул убакытка чейин 100 пайыздык каржылоо болуп келсе, эми жаңы мыйзамга ылайык азайтыш керек болот. Салыштырып көрсөк мисалы, Россия менен Казакстандын мыйзамдары да ушундай талапты койгон. Бир гана пайыздары азыраак же көбүрөөк болушу мүмкүн. Биздики 35 пайыз деп үчтөн бири деген көлөмдү алышкан экен. Демек, алардын каржылоосу 35 пайыз болсо, ошончолук алардын редакциялык саясатка кийлигише турган укугу азайып калат. Себеби, үчтөн бир добушка ээ болот. Үчтөн эки добуш редакциянын өзүнүн иши болуп калат. Ошондуктан алардын иштеп жаткандагы саясаты көбүрөөк көз каранды эмес саясатка айланганга жол ачылып жатат. Бул Кыргызстандын ичиндеги саясий өнүгүүнү камсыз кылууга, саясий туруктуулукту сактоого багытталган”,- деди Таабалдиев.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров көз карандысыз, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттарын түзүүгө багытталган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга үстүбүздөгү жылдын 6-августунда кол койгон.