Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда саат 14:15те Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан түштүккө карай 10 чакырым, Ничке айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 чакырым жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 150 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 5 баллга чейин жеткен.

Жердин силкинүүсү Сары-Булак айылында — 4,5 балл, Ничке, Чогорчу, Бирлик, Көл, Табылгы айылдарында — 4 балл, Кызыл-Уран, Кетмен-Төбө, Кызыл-Ой, Бирдик, Атай айылдарында — 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.