Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык Загрузка... 12 Ноябрь 2025 13:23
1623554.792808ed771.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. 11-ноябрда Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 23:32 чамасында Ала-Бука районунун аймагында катталган. Жер титирөөнүн күчү Кара-Үңкүр жана Баймак айылдарында 4 баллга жетсе, Кербен шаарында 3 балл сезилген.

Кырсык катталган аймакта кыйроолор катталган жок.