Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда ишке берилүүчү социалдык объекттер менен ири ишканалардын ачылышы, жумуш орундарынын түзүлүшү жана Жалал-Абад шаарынын Бишкек менен Оштон кийинки үчүнчү экономикалык борборго айлануу потенциалы тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев маек берди.

- Быйыл Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата инвесторлордун колдоосу менен курулуп, ишке берилүүчү ири ишканалар тууралуу айтып берсеңиз?
- Жалал-Абад облусу инвесторлор үчүн ачык жана ишенимдүү өнөктөш болгондуктан, бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр. Быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 34 ишкана ачуунун пландап жатканбыз. Бирок, Эгемендүүлүк күнүндө ишке берилүүчү социалдык объектилердин жана ишканалардын саны көбөйүп 50гө жетти.
Алардын ичинен 10 ишкана өндүрүштүк, калгандары бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилер. Ушул 10 өндүрүштүк ишканалардын ар бирине токтоло кетсем, биринчиси Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагында кубаттуулугу 4,7 МВт Аксы чакан ГЭСи ишке берилет. Экинчи Аксы районунун Жерге-Тал айылында “Бозгу” 110-35-10 кВ көмөк чордону. Үчүнчүсү Ноокен районундагы “Совет Строй” ЖЧКсы тарабынан Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Ношкен айылында саатына 300 тонна асфальт-бетон чыгарган жаңы завод ишке берилет. Бул долбоорго жалпы 350 млн сом инвестиция салынат. Бул ишкана ишке кирсе президентибиз айткандай, ар бир айылдын көчөлөрү асфальтталат деген план ишке ашат. Төртүнчүсү Базар-Коргон районунда “Алтын-Куш Агро” ЖЧКсы тарабынан курулган тоок фабрикасы. Жалпы суммасы 130 млн сомго курулган тоок фабрикада 62 миң тоок багылып, жумуртка өндүрүлөт.

Биринчи этабында 32 миң тоок менен ишке берилип, үч этап менен өндүрүш 62 миң тоокко жеткирилет. Бешинчиси Сузак районунда “Дружба” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан саатына 200 миң даана бышкан кыш чыгаруучу завод. Заманбап типтеги кыш чыгаруучу завод курууда инвестициянын жалпы көлөмү 352 млн сомду түздү. Алтынчысы Майлуу-Суу шаарында “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсы айнек идиш чыгаруучу кошумча линиясын ачат. Жетинчи Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан каржыланган Кара-Көл шаарындагы “Аква Сервис” ЖЧКсы тарабынан курулган балык азыктарын өнүктүрүү ишканасы ишке кирет. Сегизинчи Ала-Бука районундагы “Бай-Талаа” соода - логистикалык борборунда мал чарбасынын адистешкен экспорттук-логистикалык борбору. Тогузунчу Кара-Көл шаарындагы электр станциялар ачык акционердик коомунун жаңы административдик имаратынын ачылышы. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусунун алдындагы Ак-Тилек кичи шаарчасында курулган трансформатор оңдоочу цехи ишке кирет.

- Бул аракеттерди чет жерде миграцияда жүргөн мекендештерди өлкөгө тартуу катары бааласак болобу? Аталган ишканалар ишке кирсе аймакта канча жумуш орду түзүлөт?
- Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилүүчү кийинки 10 объектини кошкондо кошумча дагы миңге жакын жумуш орду түзүлөт. 2024-жылы Жалал-Абад облусунда 1 миң 402 ишкана ачылып, 5 миң жумуш орду түзүлгөн. Азыр 2025-жылдын 6 айында 1 миң 358 жаңы ишкана ачылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 119 ишканага көп болду. Бул ишканаларда негизинен өзүбүздүн жарандар эмгектенишет. Бул жылдын 6 айында 2 миң 261 жумуш орду түзүлдү. Албетте, бул чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди мекенге кайтарып, туруктуу иш менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Ишканалардын ачылышы социалдык-экономикалык турмушту жакшыртуу менен катар миграцияны азайтууга багытталган аракет болуп саналат. Көп жерден айтып жүрөм, “мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекетке эмне кылдым” деген ураан менен жашашыбыз керек. Белгилүү болгондой, чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин көбү оор шарттарда жашап, иштеп жүрүшөт. Эми өз жеринде, өз үйүндө жашап иштөөгө, жакшы айлыктарды алганга шарт түзүлүп жатат.
- “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун жана “Жалал-Абад эл аралык” аэропортунун аймак үчүн стратегиялык маанисине да токтоло кетсеңиз?
- “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун жана “Жалал-Абад эл аралык” аэропортунун курулушу аймактын гана эмес бүтүндөй өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ. Темир жолдун курулушу менен жаңы соода, транзиттик жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, аймактык-логистикалык борборго айланышына шарт түзүлөт. Ошол эле учурда “Жалал-Абад эл аралык” аэропортунун ишке киришин менен туризмди өнүктүрүүгө, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү өстүрүүгө жана аймактык-логистикалык борборлордун ачылышына чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Алсак, көптөгөн инвесторлор келип бирге иштешүүгө кызыкдарлыгын билдиришүүдө.

- Жалал-Абад облусунда пахта өстүрүү жана аны кайра иштетүү өнөр жай тармагы акыркы жылдары эмне себептен солгундап кетти?
- Жалал-Абад облусу пахта өстүрүү боюнча республика боюнча биринчи орунду ээлеп келген. Бирок, акыркы жылдарды пахта өстүрүүнүн көлөмү бир кыйла кыскарып кетти. Бул көрүнүш биринчи кезекте пахтанын баасынын туруксуздугуна жана өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдиктердин жетишсиздигине байланыштуу болуу жатат. Бул пахтанын дүйнөлүк баасынын түшүп кетиши менен да байланыштуу. Мисалы, 2024-жылы облус аймагында 6 миң 63 гектар жерге пахта айдалса, 2025-жылы 3 миң 359 гектарга жерге пахта эгилди. Башкача айтканда, айдоо аянттары 2 миң 694 гектарга кыскарган. Мунун бардыгы баанын кесепетинен болууда. Баанын динамикасына токтолсок, 2023-жылы 1 кг пахтанын орточо баасы 70-75 сомду түзсө, 2024-жылы 60-65 сомго чейин төмөндөп кеткен. Ал эми 2021-2022-жылдары пахтанын баасы 1 кг үчүн 100-120 сомдун тегерегинде болгон. Белгилүү болгондой, пахтанын баасынын түшүп кеткендиктен пахта өстүрүүнүн көлөмү кыскарып кеткен. Жакында Пакистандын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анткени, пакистандыктар биздин пахтага кызыкдар болуп жатышат. Эгемендүүлүк күнүн белгилегенден кийин Пакистан элчилиги менен пахта өндүрүшү багытында иш алып барууну пландап жатабыз.

- Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары айтсаңыз, Жалал-Абад шаарынын Бишкек жана Ош шаарларынан кийинки экономикалык борбор болуу мүмкүнчүлүгү барбы?
- Бишкек жана Ош шаарларынан кийин Жалал-Абад шаары үчүнчү экономикалык борборго айлануу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Аймакта өнөр жайды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, инвесторлорду тартуу багытында масштабдуу иштер жүрүүдө. Бул аракеттердин бардыгы облустун алдыга койгон максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт. Биз Жалал-Абадды өлкөнүн маанилүү өнөр жайы өнүккөн жана экономикалык борборго айлантуу аракетин көрүп жатабыз. Бул иш процесстер мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүрүп, Жалал-Абад облусу Кыргызстанда ири экономикалык борборлорунун бири катары калыптанып келе жатат десем жаңылышпайм.
Аймактын артыкчылыктарына токтолсок, Жалал-Абад облусу өлкөдө энергетика тармагынын флагманы болуп саналат. Анткени, энергогенерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Стратегиялык байланыштарды камсыздоочу Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу жакында ачылуу алдында турат. “Кытай -Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу биздин аймак аркылуу өтүп, которуу базасы Казарман районунда жайгашат.

Жаратылыш ресурстары, туризм тармагы боюнча айтсам, алтын, күмүш, жез, газ жана мунай облустан чыгып, курорттук-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүбүз да жогору. Андан тышкары, өлкөбүздүн улуттук баалуулугу болгон миң жылдык тарыхы бар Арстанбап - жаңгак токою жана бир канча тарыхый туристтик объектилер облуста жайгашкан. Ошондуктан Жалал-Абад облусунун анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экономикалык борборлордун бирине айлануу потенциалы чоң.