Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында зыяндуу чегирткелерге каршы мамлекеттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 17-апрелге карата 4 470 гектар аянтта маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын ичинен 3 650 гектардан зыяндуу чегирткелердин личинкалары аныкталган. Алардын ичинен 1 750 гектар аянтта атайын техниканын жардамы менен химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.
Жалал-Абад облусунун райондору боюнча:
Базар-Коргон району, Сейдикум айыл аймагында 950 гектар аянт изилденип, 700 гектар жерден чегиртке табылган, 100 гектар аянтта химиялык иштетүү жүргүзүлдү.
Ноокен району, Бүргөндү–Достук айыл аймактарында 2820 гектар аянт изилденип, 2200 гектар аянтта зыянкеч аныкталып, анын ичинен 1500 гектар аянт химиялык иштетүүдөн өттү.
Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагында 1000 гектар изилденип, 750 гектар аянтта чегиртке табылып, 150 гектар аянтта химиялык иштетүү жүргүзүлдү.
Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө Араван районунун Чек-Абад айыл округунда 450 гектар аянттан зыянкеч чегирткелер аныкталды. Бул багытта Департамент тарабынан атайын техникалар жана пестициддер менен камсыздоо иштери жүргүзүлүп, химиялык иштетүүлөр башталат.
Түштүк аймактагы чегирткелерге каршы өз убагында күрөшүү үчүн департаменттин 5 даана атайын микронер АУ-8115М уу чачуучу аппараттары ишке тартылган.
Учурда керектүү көлөмдө пестициддер, күйүүчү май жана башка зарыл материалдар менен толук камсыздалган.
"Жалал-Абад жана Ош облустарында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчилигинин түз көзөмөлү астында үзгүлтүксүз улантылууда",-деп айтылат маалыматта.