Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

Аймак 22 Май 2025 16:26
499634386_1237307867762666_1299994924987011513_n.jpg
499243080_1237307864429333_354585111695319440_n.jpg
499299667_1237307944429325_3361709402491535945_n.jpg
499921133_1237307871095999_3411367795300184387_n.jpg
500276875_1237307927762660_2083931823907416195_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Баткен облусу боюнча жалпы 16 миң гектардан ашык аянтта зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 20-майга карата изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 миң 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды. Анын ичинен 5 миң га аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.

Мындай иштер химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат. Химиялык иш чараларга 3 техника тартылган", - деп айтылат маалыматта.