Жалал-Абад шаарынын эки окуучусу эл аралык олимпиададан 1-орунду ээледи

Билим 2557 22 Апрель 2025 12:37
490357529_1107971734709903_5998143878587416374_n.jpg
491955828_1107971661376577_6236799911701585961_n.jpg
491643676_1107971741376569_8145397247932090446_n.jpg
491915962_1107971654709911_2610765801716886590_n.jpg
492490906_9802092786505807_4223455313350877350_n.jpg
492553432_1107971658043244_7759313256481088854_n.jpg
493140959_1107971748043235_6800307622847593158_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы мектебинин 6-классынын окуучулары Альбина Самаганова жана Айлин Есеналиева Дубайда өткөн эл аралык олимпиадада математика сабагынан I орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев бул жеңиш — окуучуларыбыздын үзүрлүү эмгегинин, мугалимдердин талыкпаган мээнетинин жана билимге умтулган жаш муундун өжөрлүгүнүн жемиши экенин белгиледи.

Окуучуларды жана алардын ата-энелерин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктап, мэриянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадага сегиз мамлекеттен 3 миңден ашуун окуучу катышкан.