Кыргызстандык окуучулар Ташкенттеги олимпиадада 4 медаль утушту

Билим 23 Май 2025 08:55
497667817_1130782599095483_3052078063026854644_n.jpg
497705338_1130782769095466_6949674043314002032_n.jpg
494382027_1130782692428807_3702605920595343532_n.jpg
499790779_1130782735762136_6642613827197201084_n.jpg
499378211_1130782602428816_2821411969433679359_n.jpg
Алдыга
Артка
497667817_1130782599095483_3052078063026854644_n.jpg
497705338_1130782769095466_6949674043314002032_n.jpg
494382027_1130782692428807_3702605920595343532_n.jpg
499790779_1130782735762136_6642613827197201084_n.jpg
499378211_1130782602428816_2821411969433679359_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар II Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында бир катар медалдарга ээ болушту.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 17 – 21-май күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн олимпиага 13 мамлекеттен 240тан ашык окуучу катышты. Кыргызстандын атынан катышкан 4 окуучу 1 алтын, 3 коло медаль жеңип алды, дагы үч окуучу Ардак грамота менен сыйланды.

Сыйлангандардын тизмеси:

  • Акимов Ариет – 7-класстын окуучулары арасында алтын медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу
  • Эшперов Нурсултан – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  • Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, 11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  • Мусаходжаев Султан – коло медаль, 9-класс, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназия
  • Киргизбаев Назар – Ардак грамота, 11-класс, Бишкек шаарындагы №61 АФММЛ
  • Акенеев Тимур – Ардак грамота, 10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби
  • Саят Арлан – Ардак грамота, 7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды:

  • Коло медаль ээлери – 400 АКШ доллары
  • Күмүш медаль ээлери – 600 АКШ доллары
  • Алтын медаль ээлери – 1000 АКШ доллары
  • 3 – 9-класстардын окуучуларына берилген акчалай сыйлыктар машыктыруучулар менен окуучулардын ортосунда бөлүштүрүлдү.

Окуучуларды олимпиадага Газпром Кыргызстан мектебинин тренерлери Мамат Ишматов жана Бекжол Жолдубай уулу даярдаган. Ошондой эле тапшырмаларды түзүү, текшерүү жана координациялоо үчүн Чехия, Иран, Малайзия, Словакия сыяктуу өлкөлөрдөн белгилүү машыктыруучулар чакыртылган.