“Акылмандын” окуучусу эл аралык олимпиадада коло медаль утту

Билим Загрузка... 03 Декабрь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акылман лицейи

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Россиянын Сочи шаарында өткөн ХХII-Эл аралык өспүрүмдөр илимий олимпиадасында “Акылман” лицейинин 10-классынын окуучусу Эмир Искендеров коло медалга ээ болду.

“Акылман” президенттик лицейинен билдиришкендей, престиждүү сынакка 24 өлкөдөн 125тен ашык окуучу катышкан. Катышуучулар физика, химия, биология боюнча өз билимдерин сынашты. IJSO биринчи жолу “Сириус” федералдык аймагында өткөрүлдү.

Улуттук тандоонун жыйынтыгында Кыргызстандын атынан “Акылман” президенттик лицейинин үч окуучусунан турган командасы чыкты. Окуучулар Шагзада Баатырбекова, Максатбеков Аден, Искендеров Эмир өздөрүнүн терең билимин жана мыкты даярдыгын көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр, байге ээлери жеке жана командалык таймаштын негизинде аныкталды.

“Олимпиадаларга даярдануу татаал процесс, бирок ага карабастан окуучулар өз сабагын толук окууга да, эл аралык сынактарга катышууга да жетишүүдө. Бул билим алуу жолундагы тартиптин жана жоопкерчиликтин чыныгы үлгүсү. Эмирдин коло медалы бул жаңы окуу жылыбыздагы экинчи чоң жеңиш. Эске салсак, сентябрдын башында окуучубуз Аруубек Баймырзаев информатика боюнча Европа өспүрүмдөр олимпиадасында коло байгеге ээ болгон. Бул ийгиликтердин аркасында окуучулардын талыкпаган эмгеги гана эмес, ошондой эле жогорку натыйжаларга жетишүүдө ишеним берип, даярдап, өз кесипкөйлүгүн көрсөткөн мугалимдеринин, машыктыруучулардын жана колдогон ата-энелердин да эбегейсиз салымы бар. Аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана куттуктайбыз”, - деп белгиледи “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов.

Маалымат үчүн: Эл аралык өспүрүмдөр илимий олимпиадасы (IJSO) бул 15 жашка чейинки мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн бирден-бир көп дисциплинардык олимпиада. 2004-жылдан бери жыл сайын декабрь айында өткөрүлүп келет. Катышуучулар үч предмет боюнча теориялык билимге жана эксперименталдык жөндөмгө ээ болушу керек: физика, химия жана биология. IJSO – эң престиждүү эл аралык олимпиадалардын бири жана ага ар бир катышуучу өлкө үч катышуучудан турган бир же эки команда менен катыша алат.