Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 03 Март 2025 17:07
480969441_1415232602791844_4118175975574473659_n.jpg
481915784_1415233109458460_8585060819793158908_n.jpg
481079552_1415234226125015_5723241958800010057_n.jpg
481076172_1415234026125035_4002292044100425327_n.jpg
481781912_1415233649458406_1534619286160065815_n.jpg
480969445_1415232476125190_4783165551825559668_n.jpg
480930706_1415233972791707_5756157080113027338_n.jpg
481010445_1415233816125056_7626389914954295216_n.jpg
481079094_1415233582791746_7544576074257854100_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы белгиленип, жөө жүрүш жана Аюп-Тоо тоосундагы флагштокто тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, саамалыктын миңден ашуун катышуучулары борбордук аянттан Аюб-Тоо боорундагы “Жалал-Абад” жазуусу коюлган стелага чейин жөө жүрүштөн өтүштү.

Облус башчысы Тилек Текебаев иш-чара катышуучуларын куттуктап, туу Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары таанытып турган эң башкы символикасы экенин белгиледи. Ал ар бир кыргыз жаранын, айрыкча жаштарды Ата Мекенге болгон атуулдук сезимин ойготуп, мекенчилдикке үндөп тураарын айтты.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл улуттук баш кийим болгон – Ак калпак кылымдар боюу аздектеп сакталып, бүгүнкү күнгө чейин жеткирилген ата-бабалардын баалуу мурасы экенин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, 2023-жылы өзгөртүү киргизилген.

Ал эми, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыяланган.