Ак калпак күнү. Бишкекте калпак жасоо боюнча мастер-класс өттү

Маданият 05 Март 2025 13:24
481668774_944801904478233_4869666200815104793_n.jpg
481263179_944801907811566_1943806419997280931_n.jpg
481335900_944801941144896_2845350397812834206_n.jpg
481338336_944802671144823_7137087342568487563_n.jpg
481345754_944801761144914_8990489234634743124_n.jpg
481509444_944802621144828_9198420999492704439_n.jpg
481655392_944801871144903_7996291295235663211_n.jpg
481672109_944802574478166_1610128910062360551_n.jpg
481701734_944801844478239_6320008905231395649_n.jpg
482207963_944801841144906_7776348315015955979_n.jpg
482301166_944801764478247_482898808452358282_n.jpg
482809962_944802721144818_5995291729335890855_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Бугүн Улуттук тарых музейинде кыргыз элинин улуттук баш кийими – ак калпакты жасоо боюнча мастер-класс жана тематикалык лекция өткөрүлдү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чара Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келе жаткан Ак калпак күнүнө карата уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар ак калпактын тарыхы, символикасы жана кыргыз маданиятындагы орду тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле атайын мастер-класста келген коноктор ак калпак жасоонун негизги ыкмаларын көрүштү.

Ак калпак күнү 2011-жылы режиссер Рысбек Жабировдун демилгеси менен белгилене баштаган жана ошол убакыттан бери жыл сайын майрамдалып келет. Бул күн улуттук мурастарды сактоо жана даңазалоо максатында өткөрүлүп, кыргыз элинин маданий өзгөчөлүгүн чыңдоого чоң салым кошууда.