Жалал-Абад облусунун туруктуу өнүгүүсү үчүн жол карталары иштелип чыгат

Министрлер кабинети 17 Февраль 2026 18:35
69945156a1349-thumb.jpeg
69945154801e1-thumb.jpeg
69945154c54cc-thumb.jpeg
69945154c3aae-thumb.jpeg
69945155c83ac-thumb.jpeg
69945155cd199-thumb.jpeg
69945156a0df0-thumb.jpeg
6994515595fb4-thumb.jpeg
6994515618a9f-thumb.jpeg
6994515701c00-thumb.jpeg
69945155600f2-thumb.jpeg
699451559562e-thumb.jpeg
6994515557133-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69945156a1349-thumb.jpeg
69945154801e1-thumb.jpeg
69945154c54cc-thumb.jpeg
69945154c3aae-thumb.jpeg
69945155c83ac-thumb.jpeg
69945155cd199-thumb.jpeg
69945156a0df0-thumb.jpeg
6994515595fb4-thumb.jpeg
6994515618a9f-thumb.jpeg
6994515701c00-thumb.jpeg
69945155600f2-thumb.jpeg
699451559562e-thumb.jpeg
6994515557133-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылдагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жакынкы келечекке негизги милдеттер аныкталды.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана облустук программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары, айыл чарбасынын жана ирригациялык инфраструктуранын абалы, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, иш менен камсыз кылуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана агроөнөр жайын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Суу ресурстарына, энергетикалык камсыздоого, кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Бакыт Төрөбаев облустун бир катар багыттар боюнча жетишкендиктерин белгилеп, конкреттүү натыйжаларга өтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз сөзүндө ал төмөнкү артыкчылыктарга көңүл бурду: облустун экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, фермердик чарбаларды колдоо, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, ошондой эле аймактык долбоорлорду башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Бакыт Төрөбаев облустук администрацияга жана тиешелүү министрликтерге ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча белгиленген мөөнөттөргө деталдуу жол карталарын даярдоону жана сунуштоону тапшырды.

Коллегия аяктагандан кийин төраганын орун басары Жалал-Абад облусунун туруктуу өнүгүүсү жана калктын кирешесин жогорулатуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн борбордук жана аймактык бийлик органдарынын ырааттуу ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.