Жалал-Абад облусунун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

1208 28 Январь 2025 17:54
475319985_1719945128872744_2006508012458231394_n.jpg
475278966_1719945288872728_1973879814585632121_n.jpg
475209323_1719945328872724_8689788199079835639_n.jpg
475245372_1719945412206049_6850943508648781823_n.jpg
475250147_1719945355539388_2146971555915850106_n.jpg
475278760_1719945242206066_4169903184923290535_n.jpg
475291206_1719945135539410_2460451784549428769_n.jpg
475314881_1719945348872722_567288030477072535_n.jpg
475341839_1719945312206059_6954128669330600586_n.jpg
475342984_1719945178872739_8625386187125132689_n (1).jpg
475342984_1719945178872739_8625386187125132689_n.jpg
475364111_1719945275539396_1652711454259389923_n.jpg
475539444_1719945382206052_5744257728581732493_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы өттү. Анда облустун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы, 2025-жылга коюлган пландар талкууланды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район акимдери жана шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, саламаттык сактоо, билим берүү, салык кызматынын жетекчилери катышты.

Коллегияда белгиленгендей, 2024-жылы Жалал-Абад облусу боюнча 56 млрд 742 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 112,4% камсыздалган. Жалпы республиканын көлөмүнөн облустун үлүшү – 9,7 пайызды ээлеген.

Жыл ичинде 2243 ишкана ачылып, анын эсебинен 4909 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 841 ишканага көп.

Өткөн жылы облустагы өнөр жай, айыл чарбасынын өсүү темпи, негизги капиталга инвестицияларды тартуу, рыноктук кызматтардын көлөмү, чекене товар жүгүртүү, акылуу кызмат көрсөтүү, автотранспорт менен жүк ташуу багыттары боюнча 100 пайыздан жогору жумуш аткарылган.

Жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда район, шаар жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине бир жашка чейинки балдардын, энелердин өлүмүнүн алдын алуу боюнча жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы коюлду. Ага катар дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү боюнча жумуштарды күчөтүү тапшырылды.

Мындан сырткары, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Сузак районундагы №36 лицейинде кесиптик билим берүү багыттары боюнча кошумча окуу курстарын уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Облус башчысы Тилек Текебаев, окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, жер-жерлерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу, бул багытта окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү эскертти.

Жыйындын соңунда өз ишин жеткиликтүү аткара албаган бир катар тийешелүү жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлдү.