Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 8 көмөк чордондо трансформаторлордун кубаттуулугун көтөрөт.
Ведомстводон билдиришкендей, мындай муктаждык керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, электр энергиясынын таңкыстыгы пайда болгондуктан келип чыгууда.
План боюнча төмөнкү трансформаторлор алмаштырылат:
1. КЧ 110 кВ «Бек-Абад» - Т-1 (16 МВА) трансформаторун кубаттуулугу 25 МВА жаңы трансформаторго алмаштыруу.
2. Демонтаждалган Т-1 16 МВА 110 кВ «Бек-Абад» КЧ сы - 110 кВ «Грамадина» КЧ Т-2 (6,3 МВА) трансформаторуна алмаштыруу.
3. КЧ 35 кВ «Жоомарт» - Т-1 (4 МВА) трансформаторун кубаттуулугу 10 МВА жаңы трансформаторго алмаштыруу.
4. 35 кВ «Жоормарт» КЧ - Т-1 (4 МВА) демонтаждалган трансформаторун Т-1 ди - «Дзержинский » КЧ - Т-1 (2,5 МВА) трансформаторуна алмаштыруу.
5. КЧ 35 кВ «Благовещенка» - Т-1 (4 МВА) трансформаторун кубаттуулугу 10 МВА жаңы трансформаторго алмаштыруу.
6. КЧ 35 кВ - «Благовещенка» Т-1 (4 МВА) демонтаждалган трансформаторун Т-1ге (2,5 МВА) « С.Дүйшеев» алмаштыруу.
7. КЧ 110/35/10 кВ «Базар-Коргон» - Т-1 (16 МВА) кубаттуу автотрансформаторун кубаттуулугу 40 МВА жаңы трансформаторго алмаштыруу.
8.Шамалды -Сай көмөк чордонунда - 110/35/6 кВ Т-2 10 МВА кубаттуулугу 16 МВА жаңы трансформаторго алмаштырылат.
Белгилей кетсек, жогоруда пландалган жумуштар мартта башталып ноябрь айында бүткөрүлөт.
Ошондой эле, 2025-жылдын мерчемделген иш планына ылайык Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 220/550 кВ 4 көмөкчордонун 7 трансформатору, 35/110 кВ көмөкчордондорунун бардык күч трансформаторлору оңдолот.
Эске салсак, жасалып жаткан оңдоо иштери компаниянын өздүк каражатынан каржыланат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209