Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектеби пайдаланууга берилди

Президент 1232 30 Август 2025 12:13
IMG_20250830_121741_348.jpg
IMG_20250830_121741_631.jpg
IMG_20250830_121741_523.jpg
IMG_20250830_121740_990.jpg
IMG_20250830_121741_514.jpg
IMG_20250830_121741_692.jpg
IMG_20250830_121741_434.jpg
IMG_20250830_121741_882.jpg
IMG_20250830_121741_235.jpg
IMG_20250830_121741_403.jpg
IMG_20250830_121755_300.jpg
IMG_20250830_121754_496.jpg
IMG_20250830_121755_136.jpg
IMG_20250830_121754_408.jpg
IMG_20250830_121754_623.jpg
IMG_20250830_121755_159.jpg
IMG_20250830_121754_444.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250830_121741_348.jpg
IMG_20250830_121741_631.jpg
IMG_20250830_121741_523.jpg
IMG_20250830_121740_990.jpg
IMG_20250830_121741_514.jpg
IMG_20250830_121741_692.jpg
IMG_20250830_121741_434.jpg
IMG_20250830_121741_882.jpg
IMG_20250830_121741_235.jpg
IMG_20250830_121741_403.jpg
IMG_20250830_121755_300.jpg
IMG_20250830_121754_496.jpg
IMG_20250830_121755_136.jpg
IMG_20250830_121754_408.jpg
IMG_20250830_121754_623.jpg
IMG_20250830_121755_159.jpg
IMG_20250830_121754_444.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты.

Имарат 1906-жылы курулган жана акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган.

Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үч кабаттуу имарат төрт блоктон турат.

Мамлекет башчысы заманбап кабинеттерди, жабдылган чеберканаларды, көркөм галереяны жана ыңгайлуу жатакананы көрүп чыкты.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Садыр Жапаровго билим берүү мекемесинде окуучулардын көркөм табитин өнүктүрүүгө жана сүрөт искусствосу жаатында кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтып берди.

Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт.

Президент Садыр Жапаров көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен баарлашып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди жана тандаган багыттарындагы жаңы жетишкендиктерди каалады.