Жакында Нарында бетон жана таштанды иштетүүчү заводдор ишке кирет

Аймак 1719 07 Апрель 2025 10:58
487088988_1426326785445414_9084303044973080861_n.jpg
481259363_1426326892112070_195863617151969634_n.jpg
486048621_1426327205445372_866209581987918780_n.jpg
486245285_1426327112112048_4641130482766519016_n.jpg
486258946_1426327228778703_3169261088785917931_n.jpg
487088974_1426326935445399_4403974675114257487_n.jpg
487533884_1426326735445419_5739536117644581488_n.jpg
487995123_1426326685445424_4632776205432631104_n.jpg
488923058_1426326865445406_4774111776522701395_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Жакында Нарында бетон заводу жана таштанды иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, дем алышта президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов аталган ишкананын курулушун көрдү.

Белгиленгендей, буга чейин ишкана кум майдалап чыгарып келген. Ал эми учурда бетон чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ага атайын техникалары келген жана 15 күндүн аралыгында ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Нарын шаарына караштуу Москва чөлкөмүнөн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтоп туруучу жана чет өлкөгө чыгууга уруксат кагаздары берилүүчү жай курууга бош жер суралган. Облус башчысы жер тилкесинин талаптарга ылайыктуулугу жана шарттарын карап чыкты.

Ошондой эле ал Нарын шаарынын таштанды төгүлүүчү полигонунун жайын көрдү. Нарын шаардык мэриясы тарабынан жана Ага Хан фондунун колдоосу менен таштанды иштетүүчү ишкана ачуу пландалып, долбоор ишке ашуу алдында турат.