Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинети чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча атайын чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, мында аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.
“Быйыл биз консервативдүү жол менен кеттик. Биз азыр аймактарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, бекиттик. Анда республикалык бюджеттен каржылоону камсыз кылууга зарыл болгон чаралар камтылды. Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Финансы министрлигине жана Экономика жана коммерция министрлигине чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.
Биз азыр пайыздык ченди субсидиялоо жөнүндө айтып жатабыз. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө банк чөйрөсүндө пайыздык чендер өтө жогору. Акчанын дүйнөлүк баасы арзан эмес экенин эске алганда, чынжыр реакциясы боюнча ал бизнес үчүн акчанын кымбатташын алып келет. Министрлер кабинети пайыздык ставкаларды субсидиялоо боюнча чараларды көрүп жатат. Биз азыр пайыздык чендерди канчалык көлөмдө субсидиялаш керек деп каржылык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз.
Менин оюмча, пайыздык чендер айыл чарбасын каржылоого караганда бир аз жогору болот. Айыл чарбасын каржылоо бизде өлкөдөгү эң жеңилдетилген насыя болуп саналат. Бул мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү колдоого багытталган. Учурда биз бул программаны жыйынтыктап жатабыз жана жакын арада аны министрлер кабинетинин башчысына сунуштайбыз”, - деди Амангелдиев.