Жакында Бишкек - Кашкар - Бишкек туруктуу аба каттамы ачылат

Коом 2 июль 2025 18:12
Жакында Бишкек - Кашкар - Бишкек туруктуу аба каттамы ачылат

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. 26-июлдан тарта Бишкек - Кашкар - Бишкек туруктуу аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам Аэро Номад Эйрлайнс компаниясы тарабынан ачылууда жана ар жума сайын ишемби күндөрү аткарылат.

"Орундарды алдын ала тандап, төлөө мүмкүнчүлүгү бар", - деп белгилешти компаниядан.