Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жайыттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республика боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Рейд учурунда министрликтин кызматкерлери унаалардын жолдордон сырткары жүрүшү, унааларды башаламан токтотуу жана эндуро сыяктуу мототранспортторду айдоо жайыттардын бузулушуна жана экосистеманын деградациясына алып келерин эскертишүүдө.
Экологиялык талаптарды бузган жарандарга мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленип, калк жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жайыттарды сактоого чакырылды.