Жайыттарды калыбына келтирүү. 12 миң гектарга мөмөлүү бактар отургузулду

817 03 Апрель 2026 12:15
1035759704_141_0_1280_854_1280x0_80_0_0_32b0327b661e9040a0ac15ae94d41758.jpg
662204215_122208206792341273_5743952116658848713_n.jpg
661236145_122208207002341273_6358782278199886890_n.jpg
Алдыга
Артка
1035759704_141_0_1280_854_1280x0_80_0_0_32b0327b661e9040a0ac15ae94d41758.jpg
662204215_122208206792341273_5743952116658848713_n.jpg
661236145_122208207002341273_6358782278199886890_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Өлкөдө жайыттарды калыбына келтирүү максатында 11 миң 960 гектардан ашык аянтка мөмөлүү бактар отургузулду, Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Манас шаарында өткөн “Жашыл мурас” кампаниясын ишке ашырууга арналган симпозиумда айтылганын билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев президенттин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл мурас” кампаниясы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануунун маанилүү куралы экенин айтты.

Министрликтин маалыматы боюнча, республикада жайыттарды калыбына келтирүү максатында 11 миң 960 гектардан ашык аянтка мөмөлүү бактар отургузулса, ал эми 2025-жылы 401 миң гектардан ашык жайыт жерлер эс алдырууга калтырылды.

Симпозиумдун алкагында көчөттөрдү сугат суу менен камсыз кылуу, жер ресурстарын башкарууда аймактар менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, фермерлердин ийгиликтүү тажрыйбалары сунушталды.