Өзгөндө көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушу башталды

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Бүгүн Өзгөн районунда "Имам Сарахсий" көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушуна расмий старт берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн блдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, муфтий Абдулазиз Закиров, ошондой эле Түркиянын ГАЙЭ фондунун (Гюмюшханели араштырма йардымлашма ве эгитим вакфы) өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор курулуштун символикалык башталышын билдирген мезгил кутусун салышты.

"Имам Сарахсий" билим берүү комплекси Түркиянын ГАЙЭ фонду тарабынан каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү жана социалдык инфраструктураны камтыйт.

Курулуш алкагында төмөнкү объектилер тургузулат:

  • фонддун кеңсеси – 2 кабат, 532 м²;
  • курс кеңсеси (132 кыз-келиндер жана 132 эркек балдар үчүн) – 3 кабат, 1 158 м²;
  • ашкана – 438 м²;
  • дүкөн – 2 кабат, 937 м²;
  • дүкөн – 1 899 м²;
  • музей – 3 кабат, 959 м²;
  • мейманкана – 4 кабат, 3 470 м²;
  • балдар жатак лицейи (192 окуучу үчүн) – 3 кабат, 3 309 м²;
  • балдар жатаканасы (174 окуучу үчүн) – 5 кабат, 3 979 м²;
  • институт – 5 кабат, 4 065 м²;
  • мугалимдер жатаканасы – 6 кабат, 4 102 м².

Бул билим берүү борбору жаш муунга сапаттуу диний жана светтик билим берүүнү, ошондой эле илим-билим, маданият жана тарбия багытында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат.