Өзгөндө 152 млн сомго курулган заманбап мектеп ачылды

Министрлер кабинети 17 Февраль 2026 14:35
699421dccc7bd.jpeg
699421d6918e7.jpeg
699421d6586cb.jpeg
699421d4be668.jpeg
699421d4978a1.jpeg
699421d39bcb8.jpeg
699421d371dc1.jpeg
699421cdb2b25.jpeg
699421cca3f12.jpeg
Алдыга
Артка
699421dccc7bd.jpeg
699421d6918e7.jpeg
699421d6586cb.jpeg
699421d4be668.jpeg
699421d4978a1.jpeg
699421d39bcb8.jpeg
699421d371dc1.jpeg
699421cdb2b25.jpeg
699421cca3f12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев бул орто мектептин эски имараты айылга 50 жыл кызмат кылып эскиргенин, ал эми жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп, заманбап окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, канализациясы, ысык жана муздак суулары жана башка жабдуулардын баары бар 275 орундуу жаңы мектеп имараты пайдаланууга берилгенин белгиледи. 

“Билимдүү эл – мамлекетибиздин эң негизги байлыгы. Бүгүнкү күндө дүйнөнү күч менен эмес, билим менен башкарып жатышат. Жарандарыбызга татыктуу билим, мыкты тарбия берүүгө бардык шарттарды түзүү максатында биз дагы дүйнө агымынан артта калбай билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүү жолундабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири окутуунун сапатын арттыруу жана бардык шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө республикада мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар  заманбап көптөгөн жаңы мектептер курулуп, ишке берилүүдө”-деген Адылбек Касымалиев 2025-жылы эле  Ош облусунда 16 мектептин жаңы имараты ишке берилгенин белгиледи. 

Өз сөзүндө минкаб төрагасы мугалимдерге кайрылып, билим сапатын жогорулатуу менен гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин белгилеп, бул үчүн мамлекет тараптан болгон шарт түзүлүлүп жана анын бири катары ушул жылдын апрель айынан баштап мугалимдердин  айлык маянасы көбөйөрүн кошумчалады. 

“Бюджеттин каражаты кескин көбөйүп, мугалимдердин, врачтардын, маданият кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга шарт түзүлдү. Акыркы жылдары билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары ушуну менен 2 жолу көбөйтүлөт. Курулуп жаткан мектептер,  эмгек акы реформасы окуунун жогорку сапаты менен айкалышы зарыл”- деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.