Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров маегинде шайлоо өнөктүгү таза, атаандаштык чөйрөдө өтөрүн белгиледи.
Президент азырынча талапкерлерди каттоо иштери соңуна чыга электигин эске салып, алдыда дагы бир катар талапкерлер катталарына ишеним билдирди.
"Азырынча талапкерлердин катталуусу бүтө элек да. 13-ноябрда бүтсө керек эле. Ага чейин бир далай талапкер катталат болуш керек. Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм", — деди ал.
Ошондой эле мамлекет башчысы «сизге олуттуу атаандаш жок» деген суроого кайрылып, кыргыз элинин нарк-насилине токтолду.
"Кыргызда “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген жакшы накыл сөз бар. Ошондуктан “сизге олуттуу атаандаш жок” деген сурооңузга “ии, чын эле мен эле экенмин” деп текеберлик кылбашым керек. Олуттуу атаандаштар сөзсүз чыгат", - деди өлкө башчысы.