Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Министрлер кабинети 14 Август 2025 19:56
689de08367eea (1).jpeg
689de0c30777f.jpeg
689de0a564728.jpeg
689de0a53e14f.jpeg
689de09d577bc.jpeg
689de09872991.jpeg
689de08b74f3f.jpeg
Алдыга
Артка
689de08367eea (1).jpeg
689de0c30777f.jpeg
689de0a564728.jpeg
689de0a53e14f.jpeg
689de09d577bc.jpeg
689de09872991.jpeg
689de08b74f3f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди.

Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.