Ташкент, 28.02.25. /Кабар/. Өзбекстандын мамлекеттик карызы 2024-жылдын аягына карата 40,2 млрд долларга жетип, 2023-жылга салыштырмалуу (34,93 млрд доллар) 15,09%га өскөн. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.
Мамлекеттик карыз ички дүң продукцияга (ИДП) карата 35 пайызды түздү.
Карыздын негизги бөлүгү тышкы карыз – 33,72 млрд доллар (жалпы сумманын 84%), анын 33,16 млрд доллары чет элдик валютада тартылган. 2023-жылга салыштырмалуу тышкы карыз 13,77%га (29,64 млрд доллар), чет элдик валютадагы карыз 13,98%га (29,09 млрд доллар) өскөн.
Өлкөнүн ички карызы 6,48 млрд долларды түзөт (жалпы карыздын 16%). 2023-жылга салыштырмалуу 22,52%га (5,29 млрд доллар) өскөн.
Эскерте кетсек Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта фондусунун корутундусуна ылайык, Өзбекстан үчүн мамлекеттик тышкы карыздын алгылыктуу жогорку деңгээли ИДПнын 50 пайызы түзөт.