Өзбекстандын калкынын саны 37,5 миллионго жетти

Борбор Азия Загрузка... 13 Март 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-03-12 at 10.32.57.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын туруктуу калкынын саны 37,5 млн адамга жетти, деп билдирет Улуттук статистика агенттиги.

Акыркы беш жылда өлкөнүн калкы 3,6 млн адамга көбөйгөн, 2020-жылы бул көрсөткүч 33,9 млн адамды түзгөн.

Тарыхый маалыматтар Өзбекстандын калкынын акыркы 100 жылда туруктуу өскөнүн айгинелейт.

Эскерте кетсек, 1920-жылы республикада 4,4 млн адам жашаса, 1990-жылга келип бул көрсөткүч 20 млн адамдан ашкан.