Өзбекстанда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 25 Март 2025 10:12
d_25_.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 25.03.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана чет өлкөдөгү мекендештер менен алаканы жандантуу тууралуу жарлыкка кол койду, деп билдирет өлкөнүн Адилет министрлигинин басма сөз кызматы.

Жарлык Өзбекстанда улуттар ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоого, ар кандай этностук топтордун маданий өзгөчөлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө, бардык элдердин укуктарын коргоого багытталган. Ошондой эле, чет жактарда жашаган мекендештерди өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү тартуу максатында бир катар иш-чаралар каралган.

Жарлыктын негизинде президентке жана өкмөткө түздөн-түз баш ийген Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөдөгү мекендештер боюнча жаңы комитет түзүлдү.

Бул багытта:

  • «Өзбекстан – бирдиктүү Мекен!» аттуу форумун өткөрүү;
  • «Өзбекстандын маданий байлыгы» көчөлөрүн түзүү;
  • «Биздин күчүбүз – биримдикте» экологиялык акцияларын уюштуруу;
  • Ар кайсы элдердин тарыхый жана маданий салымын даңазалаган медиа-долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Ошондой эле, БУУӨПтүн программасы аркылуу чет жактарда жашаган диаспора өкүлдөрүнүн адистерин билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана жасалма интеллект (AI) тармактарында иштөөгө тартууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, инвестицияларды тартуу, кайрымдуулук иштерин өнүктүрүү, мекендештер арасында туризмге дем берүү, ошондой эле аймактык мекемелер аркылуу маданий жана социалдык байланыштарды кеңейтүү боюнча атайын механизмдер иштелип чыкканы айтылат.